Таласта сегизинчи имамга умрага жолдомо белек кылынды

Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы «Жума» мечитинин имам-хатиби Мирбек Жолдошбековго аталган айылдын тургундары тарабынан умра сапарына жолдомо берилди. Иш-чарага облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана мурунку казы Таалайбек ажы Бапиев баштаган дин кызматкерлери катышты. Облус казысы …

Дальше »

Айтматов районунда экстремизмдин алдын алуу максатында 4 күндүк иш-чара өткөрүлдү

Айтматов районунда экстремизм жана терроризмди алдын алуу максатында 4 күндүк иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага райондук администрациядан, прокуратурадан, ички иштер башкармалыгынан, социалдык кызматкерлер, мугалимдер, окуучулар жана Айтматов районунун баш имам-хатиби Исламбек Куматаев катышты. Жыйындын жүрүшүндө …

Дальше »

Көк-Кашатта мүмкүнчүлүгү чектелген жаран ак өргөөлүү болду

Талас облусуна караштуу Талас районундагы Көк-Кашат айылынын имамы Бакыт Сатыбалдиев жана айыл тургуну Осмон Сарымсаковдун демилгеси менен мүмкүнчүлүгү чектелген айыл тургуну Эрмек Бактияр уулуна ак өргөө белек кылынды. Демилгени айыл эли колдоп, жашы-карысы дебей ар …

Дальше »

Талас облусунун казысы «Энелер мектеби» долбоорунун алкагында ата-энелер менен жолугушту

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Бакай-Ата районунун Ынтымак айылындагы Э. Капалов орто мектебинин окуучулары жана ата-энелери менен жолугушту. Жолугушууда облус казысы окуучуларды жакшы билим алууга, мектеп эрежелерин сактоого, мугалимдерди сыйлоого чакырды. Ошол эле …

Дальше »

Таласта Куран жарыштын тандоо туру өткөрүлдү

Кечээ, 15-ноябрь күнү Талас облусунун мусулмандарынын казыяты Талас шаарындагы «Ас-Сахаба» мечитинде республикалык Куран жарышка жолдомо үчүн тандоо турун өткөрдү. Сынакта казы орун басары Өмүрзак ажы Абдусамат уулу, Бекболсун Кушубаков жана Абдулазиз Рысбек уулунан турган карылар …

Дальше »

Манас районунда муктаждарга жардам берилди

Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылында кайрымдуу инсандар тарабынан муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк түрүндө жардам берилди. Жалпы 50 үй-бүлөгө суммасы 2 миң 500 сомду түзгөн күнүмдүк турмушка керектүү азык-түлүк баштыгы таратылды. Манас районунун баш …

Дальше »

Таласта имамдардын илимин жогорулатуу максатында сабак өтүлдү

Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын кеңсесинде Талас жана Бакай-Ата райондорунун имамдарына «Расул Акрам» ислам институтунун ректору Тариел ажы Абжалбеков, 10 кыраат ээси Имамали кары Тажибаев жана аалым Каныбек Баргиев сабак өтүштү. Алгач облус казысы Сулумбек ажы …

Дальше »

Талас облусундагы бардык мечиттерде ишембилик өткөрүлдү

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиевдин буйругунун негизинде «Тазалык ыймандан» аталышында Талас облусундагы бардык мечит жана диний окуу жайларда ишембилик уюштурулду. «Иш-чаранын максаты ыйман очогу болгон медресе жана мечиттердин тазалыгы талапка ылайык болушу шарт. Себеби …

Дальше »

Бакай-Атада экстремизмдин жана ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлүп, салттуу ислам боюнча маалымат берилди

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин арасында салттуу ислам дини жөнүндө түшүндүрүү боюнча кезектеги жыйын КР Улуттук Коопсуздук Комитети жана Талас облусунун мусулмандарынын …

Дальше »

Талас районунда ысыраптын жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын уюштурулду

Талас районунун Көк-Ой айылында ысырапкорчулуктун, зордук-зомбулуктун, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу туурасында чоң жыйын болуп өттү. Бул жыйын КР Улуттук коопсуздук комитети жана Талас облусунун мусулмандарынын казыяты тарабынан уюштурулган. Аталган иш-чарага Талас облусунун мусулмандарынын казысы …

Дальше »

Талас облусунун казысы Боо-Терек айылынын имамына умрага жолдомо тапшырды

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылына иш сапары менен барып, тургундар менен жолугушту. Жолугушууда элди ынтымакка жана биримдикке чакырган облус казысы айыл имамы Жайлообек Жумакеевге, элге кылган кызматы үчүн …

Дальше »

Таласта имам-хатибдердин кезектеги кварталдык жыйыны өткөрүлдү

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Ч. Айтматов жана Манас райондорунун имам-хатибдери менен жолугушту. Жолугушууда имамдар үч ай аралыгында аткарган иштери боюнча отчёттук маалымат беришти. Жыйын жүрүшүндө мечит, медреселердин документтерин, тазалыгын жана өрт коопсуздугун …

Дальше »