Талас районунун имамдары 2022-жылы аткарган иштери боюнча маалымат беришти

Талас районунун Көк-Ой айылында райондогу имам-хатибдер өткөн жылкы аткарган иштери боюнча Талас облусунун мусулмандар казыятына жылдык отчёт тапшырды. Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Өмүрзак ажы Абдусамат уулу имам-хатибдердин отчётун угуп, төмөндөгүлөргө токтолду: «Урматтуу имамдар, …

Дальше »

Манас районунун имамдары 2022-жылы аткарган иштери боюнча отчёт тапшырды

Манас районунун Покровка айылында райондогу имам-хатибдер өткөн 2022-жылда аткарган иштери боюнча Талас облусунун мусулмандар казыятына жылдык отчёт беришти. Алгач райондун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев жалпы район аймагындагы имамдардын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Андан кийин …

Дальше »

Таластагы диний окуу жайлардын санитардык абалы жана өрттүн чыгуусунун алдын алуу боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын №350 буйругунун негизинде  Талас облусундагы диний окуу жайлардагы санитардык талаптардын сакталышы  жана өрттүн чыгуусунун алдын алуу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Иш-чарага Талас шаарынын   санитардык-эпидемиологиялык борбордун кызматкерлери Жакып Айдаров,  Нуржан Базарбаев, облус казысынын …

Дальше »

Талас облусунун казысына Ардактуу атуул наамы ыйгарылды

Бакай-Ата районунун администрациясы район аймагында эл үчүн кызмат кылган инсандарга ыраазычылык барактарын, грамота жана ардак наамдарын тапшырды. Бакай-Ата айылында өткөн сыйлоо аземине Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев да катышты. Райондун акими Алгынбай Имаров …

Дальше »

Чоң Кара-Буура айылында Куран жарышы өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылды

Талас облусунун Кара-Буура районунун баш имам-хатиби Исламбек Куматаевдин демилгеси менен Чоң Кара-Буура айылындагы «Кавсар» мечитинде Куран жаттаган балдар менен Бакай-Ата медресесинин балдарынын ортосунда Куран жарыш конкурсу уюштурулду. «Кавсар» мечитинде өткөн Куран окуу сынагына Бакай-Ата медресесинен …

Дальше »

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Талас шаарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө көмүр таркатты

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Талас шаарынын борбордук «Ааль-Аль Байт» мечити, «Али ибн Абу Толиб» ислам медресеси жана «Чет тилдер багытындагы» кыздар окуу жайларына, ошондой эле Талас шаарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө 1.5 тоннадан көмүр таркатты. Кайрымдуулук …

Дальше »

Таласта «Коомчулукта радикалдашууну жана эктремизмдин алдын алууда мамлекеттик органдар менен иштөөнун теоретикалык жана практикалык негиздери» аттуу семинар өткөрүлдү

Талас шаарында «Коомчулукта радикалдашууну жана эктремизмдин алдын алууда мамлекеттик органдар менен иштөөнун теоретикалык жана практикалык негиздери» аттуу темада семинар болуп өттү. Экстремизм жана терроризмге каршы туруу максатында КР облустарындагы Үгүт бригадасынын жана коомдук алдын алуу …

Дальше »

Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы жума мечити 3 миллион сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы жума мечити толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиевге курулуш иштерин жеринде тааныштырган имам-хатиб Мирбек Жолдошбеков буларга токтолду:   «Мечиттин Өзгөрүш айылына салынып калышына биздин мурдагы казы Таалайбек …

Дальше »

Талас райондук хатибиятынын кеңсесинин ачылыш аземи болду (фото)

Талас райондук хатибияты мечити менен толук бүткөрүлүп, ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев, Талас районунун акиминин орун басары Адилет Жолдошов, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун жетекчиси Батырбек Качкымбаев, айыл аксакалдары жана …

Дальше »

Таласта айымдар үчүн «Эне жүрөгү – ыйман үрөнү» аттуу иш-чара өтүп, ага Азирети Муфтийдин орун басары катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев жана Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиевдин демилгеси менен Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдардын музыкалык окуу жайында аялзатына арналган «Эне жүрөгү – ыйман үрөнү» аттуу иш-чара уюштурулду. …

Дальше »

Манас районунда аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү

Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 50 аз камсыз үй-бүлөгө 2 500 сомдук азык-түлүк таркатты. Кайрымдуулук иш-чарасын атын атагысы келбеген инсандар колдогонун билдирген баш имам-хатиб төмөнкүлөргө токтолду: «Бул инсандар ар дайым …

Дальше »

Сулумбек ажы Узеналиев Талас районунун имамдарына жыйын өткөрдү

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас районуна иш сапары барып, Покровка айылынын борбордук мечитинде район имамдарына жыйын өткөрдү. Баш имам-хатиб Миржалал ажы Дадабаев облус казысына райондогу дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. «Жараткан насип …

Дальше »