Кара-Сууда имамдар тарабынан муктаж үй-бүлөлөргө жардам берилди

Бүгүн, 4-декабрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүндө жайгашкан «Аль-Кадри» мечитинин имам-хатиби өз жамааты менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн кабар алып, кышкыга көмүр жана азык-түлүк түрүндө жардам берди. Мечиттин имам-хатиби Камалдин Алимжановдун айтымында, …

Дальше »

Баткен казыятынын кызматкерлери Кара-Бак айылындагы мечиттин курулушунан кабар алды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов баштаган казыят кызматкерлери Баткен районунун Кара-Бак айылындагы эски мечиттин ордуна курулуп жаткан узундугу 10, туурасы 12 метр өлчөмүндөгү заманбап үлгүдө мечиттин курулуш иштери менен жеринде таанышты. Аталган …

Дальше »

Ош шаарынын казысы мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кышкы кийим тапшырды

Кечээ, 3-декабрь — эл аралык майыптар күнүндө Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга тамак-аш үчүн керектелүүчү азыктарды жана кышкы кийимдерди таркатты. Бул кайрымдуулук иш-чараларды уюштургандар жана көмөк көрсөткөндөргө дуба кылып, балдардын маанайын …

Дальше »

Баткенде окуучуларды адептүүлүккө багыттаган иш-чара болуп өттү

Баткен шаарындагы Сайдахмад уулу Мирболот атындагы мечиттин имамы Муртаза Акматов шаардагы №3 Айтпай Имаров атындагы мектеп окуучулары менен жолукту. Иш-чарага укук коргоо кызматкерлери жана мугалимдер катышты. Иш-чара алкагында окуучуларды коомдогу терс көрүнүштөрдөн алыс болуу, ата-энени, …

Дальше »

Баткенде мечиттерди каттоодон өткөрүү жаатында жыйын болду

Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаевдин жетекчилиги астында Баткен районунун  аймагындагы ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан мечиттер, алардын документ иштери жаатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери менен кеңири талкуулар жүрүп, жаралган маселелер жана кыйынчылыктар туурасында Баткен …

Дальше »

Нематулла ажы Жээнбеков: «Жараткан жакшы көргөн пенделерин түрдүү сыноолор менен сынайт»

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков 3-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк майыптарды коргоо күнүнө карата «Бирдиктүү багыт» майыптар коомдук бирикмелер ассоциациясы тарабынан уюштурулган «Соолубасын үмүттөр — 2023» аталышындагы маданий иш-чарага катышты. Казы Нематулла ажы Жээнбеков иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык сөзүн айтып, мүмкүнчүлүгү …

Дальше »

Баткенде 40 баш кой, 10 эчки муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди

Кечээ, 3-декабрда Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылында башкаларга үлгү болорлук ири саамалык өттү. Аталган айылда 7 миңден ашуун калк жашайт. Бул айылдын имамдарынын жана “Абу Бакр” атындагы мечитинин имамы Кожали Абазовдун демилгеси менен жалпы 20 үй-бүлөгө, …

Дальше »

Азирети Муфтий Мисирге жасаган иш сапарынын алкагында кыргызстандык студенттер менен жолугушту

КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев жана белгилүү дин аалымы, АК мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматовдордон турган делегация Мисирге жасаган иш сапарынын алкагында Каирде диний билим алып жаткан жүздөгөн кыргызстандык илим …

Дальше »

Профессор Ахмад Тоййиб: «Аль-Азхар университети өзүнүн кылым карыткан тарыхы жана имараттары менен эмес, бүтүрүүчүлөрү менен улуу!»

Шайхул-Азхар, б.а., айтылуу аль-Азхар эл аралык университетинин башкы жетекчиси Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорун, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийин жана Кыргызстан Ислам университетинин ректорун кабыл алды. Кечээ, 3-декабрь күнү аль-Азхару Шарифтин шейхи, дин …

Дальше »

Момун-мусулмандардын эсине!

Ардактуу мекендештер, урматтуу мусулман бир туугандар, кымбаттуу Куран сүйүүчүлөрү! 2023-жылдын 6-7-декабрында саат 9:00 да Бишкек шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биргеликте Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчилиги жана САПтын Ислам иштери, даават жана насаат министрлигинин …

Дальше »

Баткен шаар-райондук хатибияты муктаждарга 60 миң сомдук кышкы кийим таратты

Бүгүн, 2-декабрда Баткен шаар-райондук хатибияты Баткен шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен ден соолугу оор абалдагы бейтаптарга кайрымдуулук жардамдарын көрсөтүүдө. Баткен шаар-районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун айтымында, жардам 20 муктаж үй-бүлөгө таратылды. Ар бир үй-бүлөгө 3 миң сомду түзгөн жалпы …

Дальше »

Баткен казысынын демилгеси менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кайрымдуулук жасалды

3-декабрь — Эл аралык майыптар күнүнө карата Баткен район-шаарындагы  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга  жардам көрсөтүү максатында Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нурдин ажы Мамасабировдун демилгеси менен район-шаарда жашаган  үч жаранга 10 миң сомдон кайрымдуулук жардам көрсөтүлдү. …

Дальше »