Баткенде 250 апага ооз ачыруу саамалыгы өткөрүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин демилгеси менен Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан жалпы 250 апага ооз ачыруу аземи уюштурулду. Бул кечеге чек арада жакындарын жоготкон Баткен шаарындагы Мадина шаарчасынын тургундары жана …

Дальше »

Лейлекте «Рамазан – Куран айы» аттуу Куран жарышы өткөрүлдү

Раззаков шаарындагы Лейлек райондук маданият үйүндө Лейлек райондук хатибияты жана «Адеп Башаты Баткен» диний уюму тарабынан «Рамазан – Куран айы» аттуу Куран жарышы өткөрүлдү. Жарыш Лейлек району боюнча өткөрүлүп, ага кеминде 1 пара Куран жаттаган …

Дальше »

Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында заманбап курулган мечит ишке берилди

Мечиттин ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М. Тулаев, Баткен шаарынын мэри И. Бурканов, КР ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Ч. Юсупов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, КИУ ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, …

Дальше »

Баткен облусунун казысы болочок ажылар менен жолугушту

Баткен  облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Лейлек районунун жана Кызыл-Кыя шаары боюнча ыйык ажылык сапарына аттанган болочок ажылар менен жолугушту. Болочок ажылар менен болгон жолугушууда облус казысы ажылыктын ыйыктыгы жана бул сапардын түйшүгүн айтып, ибадат …

Дальше »

Баткен шаарындагы мекеме, ишканаларда иштеген айымдар үчүн ооз ачыруу саамалыгы өткөрүлдү

Баткен шаарындагы ар тармактагы мекеме, ишканаларда иштеген жалпы 110  айымга ооз ачыруу саамалыгы өткөрүлдү. Баткен облустук мусулмандар казыятынын аялдар менен иштөө адиси Уулкан Дүйшееванын айтымында, бул иш-чараны Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын аялдар жамааты, Баткен шаардык …

Дальше »

Баткенде апрель курмандыктарына багышталып Куран окулду

Бүгүн, 7-апрель – «Апрель элдик революция» күнүнө карата Баткен облусунун аймагындагы бардык мечиттердеги жума намазында апрель окуясында каза болгондорго багышталып Куран окулду. Куран окуу иш-чарасынында КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткендеги …

Дальше »

Баткен облусунун казысы аймактагы ажы башчылар менен жолугуп, ажыларды жогорку деңгээлде тейлөөнү милдеттендирди

 Бүгүн, 7-апрелде Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын жыйындар залында Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабиров 2023-жылда ажылык сапарына баруучу жарандарга ажы башчылык кылуу сынагынан ийгиликтүү өткөн аймактагы ажы башчылар менен жолугушту. Жолгушууда ажыларды тейлөөдө жогорку деңгээлде …

Дальше »

Баткен райондук хатибияты муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана кийим-кече таратты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин буйругун ишке ашыруу жана Рамазан айынын урматына уюштурулган кайрымдуулук айлыгына карата Баткен райондук хатибияты 50 үй-бүлөгө күнүмдүк жашоого зарыл болгон азык-түлүктөрдөн турган Рамазан баштыкчаларын жана 20 үй-бүлөгө кийим кечелерди таратты. “Бул иш-чара кайрымдуулук айы аталган Рамазан айынын …

Дальше »

Кызыл-Кыядагы медресе студенттери арасында Куран жарышы өтүп, жеңүүчүгө умрага жолдомо берилди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругун ишке ашыруу максатында Кызыл-Кыя шаардык хатибияты тарабынан шаар аймагындагы медресе студенттери арасында толук 30 пара жаттоо боюнча жарыш өткөрүлдү. Аталган жарыш Рамазан айы – Куран айы экенин …

Дальше »

Баткен шаарында имамдын демилгеси менен муктаждарга жардам көрсөтүлдү

Баткен облусунун Баткен шаарындагы Чет-Булак кварталынын “Али Аль-Ганим” мечитинин имамы Айбек Сейдактамовдун демилгеси менен 5 муктаж үй-бүлөгө Рамазан баштыктары таратылды. Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын буйругу, Баткен облусунун казынын тапшырмасына ылайык, Баткен облусунда жүрүп жаткан «Кайрымдуулук …

Дальше »

Баткен облусунда Рамазанга карата кайрымдуулук айлыгы жүрүүдө

Баткен облусунун аймагында 2023-жылдын 23-мартынан 23-апрелине чейин КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин буйругу менен Рамазан айында облус аймагында «Кайрымдуулук айлыгы» жарыяланды. Анын алкагында облус казысы Нуридин ажы Мамасабировдун тапшырмасы менен муктаж …

Дальше »

Баткен облусу боюнча 106 мечитте Куран хатм кылынып жатат

2023-жылдын 22-мартынан тарта Баткен облусундагы 106 мечитте таравих намазында Куран хатм окулуп жатат. Куран хатм Кадыр түнгө чейин окулуп, жыйынтыкталат. Облус казысынын Нуридин ажы Мамасабировдун тапшырмасына ылайык, Рамазан айына карата даярдыктар элге ыңгайлуу болусуу талап кылынган. …

Дальше »