Бүгүн, 9-мартта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун Рамазан айына карата даярдык көрүү тууралуу тапшырмасына ылайык, Баткен облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан облус аймагындагы мечит-медреселерде ишембилик өткөрүлүп, ага мечит имамдары жана дин кызматкерлери активдүү катышты. …
Дальше »Баткен облусунун казыяты
Баткен облусу боюнча 123 мечитте Куран хатм окулат
2024-жылдын 10-мартынан тарта Баткен облусундагы 123 мечитте таравих намазында Куран хатм окулат. Куран хатм Кадыр түнгө чейин окулуп, ошол куттуу түндө жыйынтыкталышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Баткен казыятынан кабарлашты. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун …
Дальше »Сары-Талаада жергиликтүү тургундар үчүн атайын сабактар өтүлө баштады
Баткен облусундагы Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнө карашуу алыскы Сары-Талаа айылында жумасына бир жолу атайын сабактар уюштурула баштады. Апталык диний сабак «Мухтасар ал-Викая» китебинин негизинде өтүлүп жатат. Аталган айылдагы “Табылгы” мечитинин имамы Акжол Ахуновдун айтымында, сабактар ислам дининин ханафи мазхабынын …
Дальше »Кызыл-Кыя шаарында муктаждарга жардам көрсөтүлдү
Кечээ, 6-март күнү Кызыл-Кыя шаарындагы “Мухаммадия” мечитинде 1000ден ашуун аз камсыз болгон, көп балалуу жалгыз бой жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген инсандардын үй-бүлөлөрүнө Кувейт мамлекетинен келген гуманитардык жардамдар таратылды. Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэринин биринчи орун басары …
Дальше »Баткен облусунун казысы аймактагы баш имам-хатибдерге жана медресе мүдүрлөрүнө жыйын өткөрдү
Бүгүн,7-мартта Баткен облусунда баш имам-хатибдерге жыйын өткөрүлүп,ага облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган казыят кызматкерлери, диний окуу жайдын мүдүрлөрү, шаар-райондордун баш имам-хатибдери катышты. Чогулушта облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров ушул жылдын 5-мартында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи …
Дальше »Абдужалил Бекаев Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби болуп дайындалды
Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун буйругу менен Абдужалил Бекаев Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби болуп дайындалды. Ал буга чейин Лейлек районун баш имам-хатибинин орун басары болуп иштеп келген. Абдыжалил Бекаев 1983-жылдын 29-мартта Баткен облусуна …
Дальше »Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби умра сапарына жөнөп жаткан зыяратчыларга сабак өттү
Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев умра сапарына аттанып жаткан зыяратчылар менен жолугушуп, аларга умра аткаруунун эрежелери туурасында сабак өттү. Ошондой эле салттуу ханафи мазхабынын алкагында ибадат кылууга, ар кандай туура …
Дальше »Лейлекте мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Баткен облусундагы Лейлек районунун Раззаков шаарындагы №3 жатак гимназиясынын жана Ю.Гагарин орто мектебинин окуучуларына адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнөн, Лейлек РИИБдин өкүлдөрү, Лейлек районунун …
Дальше »Кубатбек Абдыгапар уулу Лейлек районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды
Тиешелүү буйрукка облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров кол койду. Кубатбек Абдыгапар уулу 1992-жылдын 19-апрелинде Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Миң-Жыгач айылында төрөлгөн. Ал 1999-жылы ушул эле айылдагы Жаш-Тилек орто мектебине кабыл алынган. 2010-жылы …
Дальше »Баткенде аялдар арасында «Жашоомдун жарыгы Куран» аттуу жарыш болуп өттү
Баткен шаарында Баткен облустук мусулмандарынын казыяты жана «Адеп Башаты» коомдук фонду менен биргеликте сүйүктүү пайгамбарыбыздын «Силердин эң жакшыңар Куран үйрөнгөн жана аны башкаларга үйрөткөндөр» деген хадиске ылайык, аялдар арасында ыйык Куран китебин жаттоого кызыктыруу максатында …
Дальше »Сайдахмад ажы Аппазов Баткен районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды
Тиешелүү буйрукка облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров кол койду. Сайдахмад ажы Аппазов буга чейин облустук казыяттын түзүмдөрүндө иштеп келген. Сайдахмад ажы Аппазов 1985-жылдын 17-октябрында Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек айылында туулган. 2007-жылы Иордания өлкөсүндө …
Дальше »Баткенде ажы башчылар зыяратчыларга сабактарды өтүүдө
Баткен облусунун аймагына жоопту болгон ажы башчылар ажылык сапарга баруучулар менен жолугушту. Жолугушуу учурунда алгач ажы башчылар зыяратчылар менен жакындан таанышып, болочок ажыларды тайпаларга бөлүштү. Ошондой эле ажылык кылуунун тартиптери, жол-жоболорун кеңири түшүндүрүштү. Белгилей кетсек, …
Дальше »