Баткенде каттоо иштери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суроолорго жооп берилди

Баткен шаарындагы борбордук «Нумани» мечитинде  облус боюнча каттоодон өтө элек мечиттердин имамдарына жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага  Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын бухгалтерия жана чарбалык бөлүмүнүн адиси Асанбай ажы Бекматов, КРнын ДИМКнын Баткен облусу боюнча өкүлү Чагылган Юсупов, …

Дальше »

Тилсиз жоодон жабыркаган мечит оңдолуп, салтанаттуу түрдө ачылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кеңеш айылындагы өрттөнүп кеткен мечит калыбына келтирилди. Тилсиз жоодон жабыр тарткан мечитти оңдоп-түзөөгө жергиликтүү эл жана ТИКА колдоо көрсөткөн. Мечиттин салтанаттуу ачылыш аземи Мавлид кечине карата уюшутурулуп, ага райондун баш …

Дальше »

Таласта диндер аралык диалог боюнча семинар өтүлүп, диний мекемелерге экскурсия жасалды

Талас шаарынын мэриясынын демилгеси менен диндер аралык диалогду бекемдөө максатында семинар уюштурулуп, иш-чарага Талас шаарынын баш имам-хатиби Рысбек ажы Кокумов, укук коргоо органдары, райондук жана шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана ар кайсы конфессия өкүлдөрү …

Дальше »

Сулумбек ажы Узеналиев: «Чыныгы мусулман эч кимге зыян бербейт»

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара-Буура районунун имамдары менен жолугушту. Жолугушууда район аймагындагы мечиттердин каттоосу боюнча райондун баш имам-хатиби Исламбек Куматаев облус казысына маалымат берди:  «Бизде каттоого документи даярдалып жаткан эки мечит калды. …

Дальше »

Ысык-Көлдөгү дин кызматкерлери жаштарга багытталган атайын тренинг жана тегерек столдорду өткөрөт

Ысык-Көл облусунун Ысык Көл районундагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, ага райондун баш имам-хатиби Максат Сейталиев баштаган хатибият жамааты жана райондогу дин кызматкерлери катышты. Жыйында учурдун көйгөйлүү маселеси болуп жаткан жаш балдарга карата зордук-зомбулуктун кесепеттери боюнча …

Дальше »

Таласта дин кызматкерлери жапырт ишембиликке чыкты

«Таза Мурас» акциясынын алкагында облустагы жалпы дин кызматкерлери диний окуу жайларда жана мечиттерде ишембилик өткөрүп, тазалык иш-чарасына активдүү катышты. Казынын орун басары Өмүрзак ажы Абдсамат уулу ислам дининин тазалыкты туу тутарын белгилеп, «Азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в) …

Дальше »

Баткен облусундагы бардык мечит-медреселерде ишембилик өткөрүлдү (фото)

«Таза Мурас» өнөктүгүнүн алкагында Баткен облустук мусулмандар казыятынын тапшырмасы менен облус аймагындагы мечит-медреселерде ишембилик өтүп, ага мечит имамдары жана дин кызматкерлери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мечит-медреселердин айланасы ар кандай калдыктардан, таштандылардан жана акыр-чикирлерден тазаланды.  «Мечит-медреселердин тазалыгы …

Дальше »

Борбор калаадагы 69 мечитте тазалык иш-чарасы өткөрүлдү (фото)

Бишкек шаарындагы жалпы мечиттерде ишембиликтер өткөрүлдү. Бул тууралуу билдирген шаар казысы төмөнкүлөрдү кошумчалады: «Мечиттер – бул Алланын үйлөрү. Мечиттер канчалык таза болсо, дубалардын кабыл болушу да ошончолук жогору болот. «Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в), «Тазалык – ыймандын жарымы. …

Дальше »

Ош облусунун аймагында массалык түрдө ишембиликтер өткөрүлдү (фото)

Кечээ, 8-октябрь күнү “Таза Мурас” акциясынын алкагында өлкө боюнча ишембилик күнү белгиленип, ага облустагы дин кызматкерлери активдүү катышты. Ишембиликке райондун баш имам-хатибдери, имамдар баштаган мечит жаматы катышып, мечиттердин  айланалары жана жолдор тазаланды. Ал эми медреселердин …

Дальше »

Ысык-Көлдөгү жалпы мечиттерде ишембилик өттү

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин тапшырмасы менен кечээ, 8-октябрда Ысык-Көл облусу боюнча шаар-райондук хатибияттар имамдар менен биргеликте массалык түрдө ишембилик өткөрүштү. “Ислам дининде тазалыктын орду чоң. “Тазалык ыймандан”, “Тазалык – ыймандын жартысы”, – деп буйрулгандай, динибиз …

Дальше »

Чүйдөгү мечит-медреселерде тазалык иш-чаралары уюштурулду

«Таза Мурас» акциясынын алкагында Чүй облусунун мечиттеринде жана диний окуу жайларында тазалык күнү жарыяланып, ишембиликтер өткөрүлдү. Ишембиликке ДОЖ мугалимдери, имамдар баштаган дин кызматкерлери жана мечит жамааттары активдүү катышып, диний мекемелердин территориясындагы жайлар таштандылардан арылды. «Ыйык …

Дальше »

Жалал-Абад облусунда мечит жамааттары ишембиликке чыкты

Жалал-Абад облусунда «Таза Мурас» өнөктүгүнүн алкагында күзгү тазалык иш-чаралары өткөрүлүп, ага жалпы дин кызматкерлери тартылды.  Имамдар баштаган жергиликтүү тургундар мечиттердин ичин жана айланасын  иретке  келтирип, таштандылар чыгарылды. “Динибиз тазалыктын үстүнө курулган эмеспи. Момун-мусулман моралдык жактан …

Дальше »